Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракет боюнча комитети 16-февралдагы жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин интернет барагында жазылды.

Бул комитет долбоорду жактыргандан кийин парламенттик жалпы жыйынга чыгат, мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Жогорку кеңеш колдоп, президент кол коюшу керек.

Өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына болочокто бөгөт коюуга багытталган бул мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабастан, ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган.

Айрым аймактарда кылмышкерлер же алардын жакындары жергиликтүү салтка шылтоо кылып, жабырлангандарды алдоо жолу менен сот адилеттигинен кылмышкерди куткарып кеткен окуялар Кыргызстандагы укук коргоочулар тарабынан катталып келет.