Президент Садыр Жапаровдун Орусиядан кийинки иш сапары Казакстанга болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

Азырынча Казакстанга качан бараары белгисиз.

Садыр Жапаров Орусияга 24-25-февраль күндөрү барат. Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатканы айтылган. Мындай маалыматты ошол кездеги вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген.