Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны азайып баратат, бул бардык жерде көрүлүп жаткан чектөөчү иш-чаралар өз натыйжасын берип жаткандыгын көрсөтүп турат, деди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебресиесус. Ошол эле мезгилде, аларды мөөнөтүнөн мурда таштап салбоо керектигин эскертти.

Эгерде жыл башында жумасына 5 миллион адам илдетке чалдыкса, азыр бул көрсөткүч 2 миллионго чейин кыскарды.

«Бул биздин көңүлүбүздү көтөрүшү керек, бирок токтой турган убак эмес. Өрт өчкөн жок, бирок анын көлөмүн кичирейттик. Эгерде биз күрөштү токтотсок, анда бардыгы кайра кайтып келет ”, — деди ДССУнун башчысы.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустук инфекция менен ооругандардын саны 109 миллиондон ашты, пандемия учурунда 2,4 миллион адам каза болуп, 60 миллиондон ашуун адам айыгып кетишти.