Баткен облусунун алыскы чек аралаш айылдарындагы жумушсуз аялдарга “Абийир” Коомдук Кайрымдуулук фонду жана “Smart Generichn” коомдук фондунун колдоосу менен тигүүчү машиналар берилди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жана аталган фонддордун жетекчилери, тигүүчү машиналарды кечээ 15-фералда Лейлек районунун чек арадагы Максат, Арка, Маргун айылдарындагы аялдарга тапшырса, бүгүн Кызыл-Кыя шаарында тапшырылууда.

Жалпы болуп облуста 20 аялга, 20 тигүүчү машина берилди.

Бул иш аракеттин максаты, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, киреше табуу менен жашоо шартын жакшыртуусуна көмөктөшүү болуп саналат.