Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг кайрадан уланды. Алар Кыргыз-Тажик жана Кыргыз-Өзбек чек арасындагы пайда болгон маселелерге бийлик олуттуу көңүл бурбай жатканына нааразы.

Ошондой эле кечээ жарыялаган Өкмөттүн расмий билдирүүсү суу кечпей турганын, жеринде абал өзгөрбөгөнүн айтышууда.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы 40 гектардын тегерегиндеги жайытты тажик аскерлери 8-февралдан баштап кайтарууга алып, жергиликтүүлөрдү киргизбей койгон. Тургундардын айтымында, алар аталган жерде курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги чек ара тилкесине тажик тарап көчөт отургузуп баштаганын жергиликтүү тургундар видеого тартып, бийлик буга тез арада чара көрүүсүн талап кылган. Бул боюнча өкмөт тараптан уруксат бар экенин, мындан улам кыргыз чек арачылары чара көрө албасын айтып, кабатырлануусун билдирген.

Нааразычылык акциянын катышуучулары Ала-Бука районундагы Көк-Серек айыл аймагына караштуу Кош-Болот айылында Кыргыз-Өзбек чек арасында абал курч экенин билдирип, өзбек чек арачылары болжол менен 130 гектар жайытка кирип келип, зым тартуу иштерин баштаганын айтышты. Бирок элдин үнүн бийлик укпай келет.