Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында «Бирдиктүү терезе» аталышындагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн кошумча борбору иштей баштады. Аталган борборду ачуу аземи ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Улан Бактыгуловдун катышуусунда өттү.

Эми Жумгал районунун тургундары Кочкор районуна  же Нарын облусуна барып убара болбостон  жарандардын соттолгон же соттолбогону боюнча тактамаларды  Жумгалдан эле ала алышат. Жумгал РИИБи  Жумгал районунун Э. Матыев көчөсү 47 дарегинде жайгашкан.

«Бирдиктүү терезе» принциби киргизилгенден баштап зарыл документтерди чогултуу үчүн убакыт үнөмдөлөт. Тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Соттолгондугу же болбосо соттолбогондугу жөнүндө тактама  7 жумуш күнүндө акысыз берилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптимизациялоо, жарандардын ага жеткиликтүүлүгүн ыңгайлаштыруу, кызмат көрсөтүүлөрдүн убакыттарын, процедураларын азайтуу, андан сырткары кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Ички иштер министрлиги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жарандарды заманбап форматта тейлеген борборлордон бүгүнкү күндө 31 пункт иштеп жатат.

Акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

— 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

— 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.

Бекер негизде берилсе — 7 күндүн ичинде берилет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн жарандар өзүнүн жеке идентификациялык номурун акы төлөй турган терминалга киргизүү керек, анын негизинде гана арыз автоматтык түрдө кызматтык көрсөтүүгө акы төлөгөндөн кийин автоматтык түрдө кабыл алынат. “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборлордон жана пунктардан даяр тактаманы алуу үчүн өздүгүн тактай турган домументтерди көргөзүш керек. Зарыл болуп ала турган документтердин үлгүлөрү дубалда илинген. Төлөмдөр Quickpay,  рау 24 жана Жумгал РИИБүнүн жанында жайгашкан “Айыл банктын” терминалы аркылуу ишке ашат. Учурда Ички иштер министрлигинин “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча борборлору Нарын облусунун бардык райондорунда тактап айтканда,  Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Кочкор жана Жумгал райондорунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп элге кызмат кылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы