2021-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов, орун басары юридика илимдеринин доктору, профессор, милициянын полковниги Арзыгүл Жоробекова жана Тилге даярдык кафедрасынын  башчысы, филология илимдеринин кандидаты,  доцент, милициянын полковниги Жылдыз Секебаева  Бишкектеги Россиянын Илим жана маданият борборунун өкүлдөрү- Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Нефедов Виктор Леонидович жана борбордун кызматкери Сагайдак Дмитрий Александрович менен жолугушту.  Иш-чара эл аралык китеп тартуулоо күнүнө карата уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө орус тилин өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну үзгүлтүксүз жана системалуу негизде уюштуруу, лекцияларды, эл аралык деңгээлдеги семинарларды өткөрүү, Россия ИИМдин билим берүү мекемелерине, жана башка жогорку окуу жайларына окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүү, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин юридикалык университеттери менен тыгыз кызматташуу жана   ИИМдин Академиясынын базасында  орус тилин үйрөнүү боюнча толук кандуу борборду (лингвафон бөлмөсү) ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө көптөгөн суроолор талкууланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги Т. Абитов орус тилин өркүндөтүүгө кошкон салымы  үчүн конокторго ыраазычылык билдирип, мындан ары да өз ара кызматташтыкты өркүндөтүүгө үмүт артаарын билдирди.

Жолугушуунун аягында делегация Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын китепкана фондусуна окуу-методикалык адабияттарды, орус тилин үйрөнүүгө арналган китептерди жана дидактикалык материалдарды тапшырды.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы