Азык-түлүктүн кымбатташы коомчулукка оорчулук жаратууда. Базарларды кыдырып, бул боюнча толук маалыматы бар экенин премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Ал суу май эле 163 пайызга кымбаттап кеткенин белгилеген. Ошондой эле азык-түлүктү бир аз болсо дагы арзандатуу үчүн төрт тапшырма бергенин белгиледи.

Алар:

Россия жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн Кыргызстанга товар жеткиргендер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

Ишемби-жекшемби сайын уюштурулуучу жарманкелерди аймактарга чейин жайылтуу жана аны туруктуу өткөрүүгө шарт түзүп берүү;

Сырттан импорттолгон суу майдын (85 пайызы импорт менен келет) жок дегенде 50 пайызын Кыргызстанда өндүрүү боюнча Айыл чарба министрлигине тапшырма берилди;

Эт маселеси боюнча керектөөчүлөр менен өндүрүүчүлөргө ылайыктуу боло тургандай жолдорду издөө тапшырылды.