Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев маселелерди жеринде чечүүгө өзүнүн салымын кошоорун социалдык тармакта түз эфирде сүйлөп жатып айтты.

«Кечээ Баткен облусунун жетекчиси алмашты. Облуска генерал Өмүрбек Субаналиев жетекчи болуп дайындалды. Ал коюлган маселелерди так, кечиктирбестен жакшы алып барат деген ойдомун. Баткен облусунда кошуна өлкөлөр менен тактала элек жерлер жана башка көйгөйлөр дагы көп.

Өмүрбек Суваналиев кечээ ишке киришери менен өзүнүн пландарын түзүп, ушул маселелерди жеринде чечүүгө өзүнүн салымын кошот», — деди Марипов.