Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери өзү колго түшүргөн шектүүнү бошотуу үчүн андан пара талап кылган деп шектелүүдө. Анын үйүнөн жашыруун расмий документтер жана баңгизат табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 16-февралда тараткан маалыматына ылайык, шектүү 15-февралда кармалган. Ал өткөн жылдын ноябрь айынын аягында Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургунун 19 кутуча гашиш баңгизаты менен колго түшүрөт. Бирок аны кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн  ири суммадагы акча талап кылып, каражаттын бир бөлүгүн алган.

ИИМдин кызматкеринин шериги да бар экени белгилүү болду. Алардын үйүнө жана кызматкердин  кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлдү.

«Кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда жапайы кара куурайдын жыты бар 2 баштык жана 14 даана белгисиз калибирдеги ок-даарылар табылган. Ал эми, жашаган жеринен Стечкин автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дарылар, белгисиз куралдын магазини, флэш-карталар, CD-Дисктер, жашыруун жана өтө жашыруун деп белгиленген көптөгөн расмий документтер табылып алынды», -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле анын шеригинин жашаган жеринен «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылып алынган.