Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан партиялар 12-мартта үгүт иштерин башташат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, партиялардан шайлоого катышуу үчүн билдирүү 1-мартка чейин кабыл алынат. Ош жана Бишкек шаарларына шайлоого катышуу үчүн партиялар 50 миң сом, башка шаарларга 20 миң сомдон күрөө бериши керек.
11-апрель күнү өлкө боюнча 48 шаарда шайлоо өтөт.