Областтык оорукананын коридорунда мени коляскага салып келе жатышты. Бир медайым экинчисинен: – Кайсы бөлмөгө жаткызабыз?, – деп сурады.
– Өзүнчө, жалгыз бөлмөгө.
– А мүмкүн жалпы бөлмөгө эле жаткызсакчы?
– Жок, дарыгер жалгыз жаткызгыла, – деди.
– Эмне үчүн жалпы бөлмөгө, жалгыз эле жатканым оң, – дедим. Медайымдар мени боору ооруй карап калышты. Эмне үчүн боор ооруй караганын кийин түшүндүм. Өлө турган акыбалдагы ооруларды гана жалгыз жаткызышат тура. Бөлөк оорулулар адамдын өлүмүн көрбөш үчүн.
Качан бөлмөдө жалгыз калганымда ушунчалык эс ала түштүм. Эч жакка баруунун кажети жок, эч кимге карызым да жок, өзүм менен өзүм калдым. Жымжырттык, тынчтык, өзүмдүн жан дүйнөм менен жалгыз калдым. Эч кандай көйгөй, жоопкерчилик, чечилбеген суроолор, болбогон майда чүйдөлөр баары артта калды. Өлүм менен түбөлүктүүлүккө салыштырмалуу баары болбогон нерсе эле.
Эртең мененки күндүн керебетке тийген жарык нуру, куштардын сайрашы, айнектен мага кол булгалаган алтындай сапсары жалбырактар, көпкөк күзгү асмандагы оюн салган ак булуттар баары өзгөчө кооз эле. Эртең мененки тынчтыкта шаардын ойгонушу, машиналардын дүрүлдөгөн дабышы менен сигналы, ишке шашып бара жаткан кыз-келиндердин асфальтты жарган шиш такалардын тыкылдаган үндөрү, дирт эткен шамалга калдаңдап учуп түшүп жаткан жалбырактардын шыбышы…
Баары өзгөчө сезилет. Жашоонун маңызын мен эми гана түшүндүм. Эки күндүк убакыттын бар экенине сүйүндүм, жашоонун рахатын сезип, шүгүрчүлүк кылып жаратканга жалынып ибадат кылдым. Жашоо кереметин билип, сезип калганыма, кудайыма терең ыраазычылыгымды билдирдим. Акыркы күндөрү мага тартуулаган эркиндикти, тынчтыкты жан дилим менен кабыл алдым. Сүйүү менин жан дүйнөмдү океандын жумшак, жылуу толкунундай курчап алды. Аба дагы оор тартып жан дүйнөмө жүрөктүн ар бир кагышы аркылуу гана кирип жаткадай сезилди. Сүйүү мени Бахтын музыкасындай, скрипканын бийик чыккан үнүндөй бүт жашоомду ээлеп алганын сезип, шүгүрчүлүк кылдым.
«Лейкоздун акыркы стадиясы» деген диагноз да өз ишин жасады. Мага бир туугандарымдын баары менен коштошууга руксат берилди. Алардын мага кылган мамилесине бир жагынан сүйүнсөм да, бир жагынан күлкүм келди. Мен аларга жашоону сүйүүнү үйрөткүм келди. Бактылуу болуу үчүн сүйө билиш керектигин айткым келди. Алымдын жетишинче мага келген туугандарыма, күлкүлүү анегдотторду айтып, жакшы маанай тартуулоого аракет кылдым. Алар менин көңүлүмдү көтөрүп күлүп жатышты, ошентип коштошуу көңүлдүү өтүп жатты. Үчүнчү күнү мен жата бергенден тажап, бөлмөдө ары-бери баса баштадым. Анан терезеге чыгып отуруп, шамал болгон сайын жалбырактар бутактар менен коштошуп айлангөчөк болуп жерди көздөй каалгып түшүп, кызыл ала килемдей болуп төшөлүп жатканын кызыгуу менен карап отурганымды көргөн дарыгер уруша баштады.
– Сизге туруп басканга ким руксат берди, сиз жылбай жатышыңыз керек. Мен таң кала минтип сурадым.
– Төшөктө жаткандан бир нерсе өзгөрүлөбү? Эми дарыгер ыңгайсыз абалда калды.
– Бирок сиз баса албайсыз да, сиздин анализиңиз өтө начар, сиз көпкө жашай да албайсыз. Бирок мага берилген төрт күн өткөндөн кийин, мен холго чыгып телевизор көрө баштадым. Ичтейим ачылып алып келген тамактарды калтырбастан жей баштадым. Даарыгер мага таң калыштуу карап жатты.
– Анализиңиз өтө начар.
– Айтыңызчы менин анализим кандай болуш керек. Дарыгер бир баракка бирдемелерди жазып берди да өзүнчө күңкүлдөй сүйлөп басып кетти. Мен түшүнбөсөм да көңүл коюп окуп туруп, жаткан жаздыгымдын астына коюп койдум. Мени өлөт деген күн бат эле өтүп кетти. Эки күндөн кийин врач эртең менен кыйкыра сүйлөп кирип келди.
– Сиз кантип муну жасадыңыз?
– Эмнени жасадым?
– Анализди, мен кандай жазсам, ошондой чыгыптыр.
– А мен кайдан билейин?
Мени эми көпчүлүк жаткан бөлмөгө которушту. Бөлмөдө беш аял бар экен. Баары тең дубалды карап тыптынч, үнсүз өлүмгө баш ийип, акырындык менен бейишке кетүүгө даярдана башташыптыр… Көңүлсүз жымжырттыкка үч саат араң чыдадым. Менин жашоого болгон сүйүүм дем ала албай тумчуга баштады… Бир нерсе кылуу керек эле. Керебеттимдин астынан дарбызды алып чыгып, столдун үстүнө коюп соё баштадым. Дарбыздын жыты бөлмөнү чулгап, анан коридорду каптай баштады.
– Дарбыз химия терапиядан кийинки жүрөктүн айлануусун жок кылат. Келгиле мага орток болгула, – дедим. Бирин-сериндеп туруп баары столго отурушту.
– Чын эле жүрөгүм айланбай калды, – деди бирөө.
– Ооба, – дедим да, өзүмчө ким билсин деп ойлоп койдум.
– Ой, мага да таасир бере баштады, – деди балдакчан аял.
– Мага да, – баардыгы берилип жеп жатышты.
– Менде мындай бир окуя болгон эле, – деп мен сөз баштадым. Кээ бири жылмая, экинчиси муңая уга башташты. Анан алар мага кошулуп кызыктуу окуяларды айтып күлө баштадык. Түнкү саат экиде, ачуулана мөөнөттө турган медайым кирип келди.
– Оорулууларга уйку бересиңерби?
Биз күлүп, көңүлдүү жатууга камындык. Бир жумадан кийин дарыгер менден минтип сурады.
– Сизди бөлөк бөлмөгө которсокпу дейбиз.
– Эмнеге?
– Бул палатадагылардын анализи оңоло баштады, бөлөк палатадагылардын анализдери начар болуп жатат.
– Жок жибере албайбыз, – дешти бөлмөдөгү аялдар. Эми бөлөк бөлмөдөгү аялдар бизге келип сүйлөшүп отура башташты. Эмне үчүн дегенде биздин бөлмөдө сүйүү жашап жаткан. Жашоого болгон сүйүү ар бирибизди курчап, жашоого шыктандырып, үмүттүн шамын алоолонтуп жагып турган эле. Бөлмөбүз алтын түскө бөлөнүп, күлкү, таттуу кыялдардын уясына айланды. Мага 16 жашар башкирка кыз аябай жакты, бирок ал кызды жылмайганды да билбейт ко деп ойлочумун. Муңдуу караган бакырайган көздөрү, башына чалып салынган ак жоолугунун учу, ал кызды коркок коёнекке окшоштуруп туруучу. Бир жумадан кийин ал кыздын уяң жылмаюсун көрүп, ушунчалык бир бакытка баттым. Он күндөн кийин даары менен укол жардам бере баштаганын угуп, кыздын бактылуу жайнаган көзүн көрүп, майрамдык дасторкон жайдык. Сүйлөшүп отургандан жадап, бий уюштурдук. Биздин бака шака түшкөн, ызы-чуубузга келген мөөнөттө турган даарыгердин көз карашын көрсөңөр…
– Бул ооруканада 30 жылдан бери иштейм, бирок мындайды биринчи жолу көрүшүм, – деп жылмайып чыгып кетти. Даарыгер чыгып кеткенден кийин анын таң калган кебетесин эстеп улам күлүп жаттык. Баарыбыз жакшы боло баштадык. Мен китеп окуп, ыр жазып, баардык көргөн нерселериме: кошунама да, короодо токтоп турган машинага да, кабагы ачылбаган медайымга да, баарына түшүнүү менен, сүйүү менен мамиле кыла баштадым. Менин дарыгерим да бир күнү ачыла арыздана кетти. Менин диагнозум туура эмес чыкты деди кыжалаттана, эми кандай диагноз коюшту да билбей калдым. Үч жумадан кийин мени бейтапканадан чыгарып жатып мындай деди.
– Сизге болгону витамин берип жаттык, дарыланбай туруп кантип айыкканызга таңмын. Бизде дагы деле оор оорулуулары көп, бирок сизди кармай албайм, кетип жатканыңызга сүйүнүп да, кейип да жатам. Мен жаткан айда өлүм 30%ке азайган экен. Биздин бөлмөдөгүлөрдүн баары айыгып чыгып кетишти.
Жашоо уланып жатты, бирок менин жашоого болгон көз карашым өзгөрүлдү. Жашоонун маңызы эң жөнөкөй жана жеткиликтүү эле. Эң негизгиси жашоону сүйүү керек экен, ошондо гана сен бактылуу боло аласың.
Жашоону сүйүп, эч кимди алдабай, кызганбай, калп айтпай, ач көздүк кылбай, таарынбай, бирөөлөргө жамандык каалабайт жашаш керек тура. «Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле», деген кыргыз элинин макалы бекеринен айтылбаптыр.
25.12.19. Кара-Көл шаары.
Орус тилинен которгон: Токтокан Чокоева.
Интернет булагынан алынды.