Бүгүн 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору талкууланат. Бул тууралуу 10-февралда парламенттин жыйынында спикер Талант Мамытов билдирген.

«Баш мыйзамдын долбоору конституциялык кеңешмеден келип түштү. Бул маселени карап чыгуу сунушу келди. 17-февралда демилгечилер эки маселе каралып бүткөн долбоорду карайбыз. Кулактандыруу катары айтып коёюн», — деген ал.

Мындан тышкары жыйында 5 маселе каралары күтүлөт.