Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Мыйзам 93» демилге тобунун төрагасы Максат Кунакунов Президент Садыр Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу чукул кайрылуу жасады:

«Саламатсынарбы урматтуу мекендештер!

Бүгүн биз, учурда маанилүү болуп жаткан жана кѳп суроолорду туудурган башкаруу формасы жана катуу талкуланып жаткан Конституция тууралуу айтабыз.

Мамлекеттин  башкаруу формасы деген эмне?

Белгилүү болгондой, учурда эң кѳп кездешкен мамлекеттин башкаруу формалары бул Республика жана Монархия.

Биздин мамлекеттик башкаруу формабыз Республика!

Республиканын унитардык жана федеративдик түрлѳрү болот. Биз федеративдүү республика эмеспиз, биз унитардык Республикабыз.

Ал эми Унитардык Республика түрү, бул Бир ѳлкѳнүн аймактарын тең салмакта кармап туруу менен Мамлекетти орундаштыруу дегенди билдирет.

Бизде, Кыргыз Республикасында, Унитардык Республика түрү. Түзүмү боюнча учурда президенттик-парламенттик түзүм.

Бул эмнени билдирет? Биздин, Кыргыз Республикасында, Президент дагы Парламент дагы бар жана (Парламенттин аталышы — Жогорку Кеңеш) эл тарабанына түзмѳ түз шайланат.

Демек, ушул жылдын 10-январында болуп ѳткѳн Референдумда. Бизден, Кыргыз Республикасынын жарандарынан, Кандай башкаруу формасын тандоо Референдуму деп туруп, такыр эле башка нерсени сурап алышты. Эмнени? Президент тарапчылдар, ѳзүнѳ кѳп бийликти сурап алышты. Эгер мамлекеттик башкаруу формасы деп туруп, Республикабы же Монархиябы сураса анда башкача болмок.

Макул, терминдер тараптан бийлик аксап турса дагы, «мамлекеттик башкаруу формасы» деп бизге эки гана түзүмдү сунушташты. Республиканын президенттик башкаруу түзүмүн же парламенттик башкаруу түзүмүн сурашты. Бирок мурда айтып ѳткѳндѳй, республиканын аралаш түзүм тууралуу сурашкан жок? Же ак же кара деп туруп алышты. Эмнеси кара, эмнеси ак?

Ал эми учурдагы сунушталып жаткан Конституция боюнча айтсак, башынан мыйамсыз жолу менен жазылган Конституция мыйзамдуулукка алып барбайт. Бул сунушталган Конституция, кошоматчылар жана аферисттер жазган Конституция. Элден бир да кеңеш сурабай туруп ѳз билемдикте жазылган Конституция, элге сиңбейт. Сунушталган  Конституция боюнча, Президенттин укуктары жана бийлиги эбегейсиз чоң экен. Бул негизинен бийликти Узурпациялоо деп аныктоого болот.

Биринчиден, президенттин указдары расмий мыйзамдарга тете кылып коюшуптур. Анда бизге парламенттин эмне кереги бар? Президенттик указдар жана башка жарлыктары менен гана мыйзамдарды киргизе берсе болот турбайбы. Бул президент тарабынан бийликти түздѳн түз узурпациялоо.

Экинчиден, премьер министр кызматы орунсуз жана керексиз деле болуп калыптыр, аткени Аткаруу бийликти баары бир Президент жетектейт жана дайындайт экен. Анда премьер-министрдин эмне кереги бар?

Биздин, Мыйзам 93 командасынан Конституциялык кеңешме тарабынан сунушталган Башкы Мыйзамды терең изилдеп бүт чоо жайын карап чыктык, кийинки видеодо кененирээк айтып беребиз.

Ал эми азыр, Садыр мырзага кайрылуу:

Садыр байке! Кыргызда жакшысѳз бар: «Шашкан шайтан иши». Эл менен терең акылдашып, кандай суроо-талаптар бар экенин аныктап туруп анан ишке кирүү керек. Анткени, Конституция бул коом менен бийликтин келишими. Шашып кабыл алынган Башкы Мыйзам керектүү мыйзамдуу экспертизалардан ѳтүш керек, Конституциялык палатадан ѳтүш керек, Аткаруу бийликтин экспертизасынан ѳтүш керек! Бул жѳн гана мыйзам эмес, бул коомдук келишим – Мамлекеттүүлүгүбүздүн Негизи! Ар бир парламенттик талкуулоонун ортусунда эки ай ѳтүш керек жана бүткүл элибиздин коомчулугу менен кеңешип чыгыш керек.

Сиз түшкѳн шашма жолдун жыйынтыгы белгилүү, бул дагы бир тѳңкѳрүшкѳ алып келет. Кыргызстандыктар тѳңкѳрүштѳн тажадык. Ар бир болуп ѳткѳн ыңкылаптан кийин ѳнүгүү жолуна түшѳр экенбиз деген үмүт азайууда. Элге кайдыгерлик мамиле кылбаңыз. Сиз бийликке жеткенде, тегерегиңизде канча жылдан бери, кычыган саясатта аралашып жүрүп, бүт президенттердин кулагына уу куюп, алар бийликтен кеткенде башын жеген адамдар жүрѳт. Алар азыр да сиздин кулагыңызга уу куюп жатышат.

Бийликтин коридорлоруна кирип калганда эле, мурда экѳѳбүз чогуу тандаган жолдон тескери качтыңыз. Элдин үмүтүн үзбѳңүз. Мыйзамсыздык жолунан кайтып, мыйзамдуу жолду тандайлы. Биздин элдик демилгени колдоңуз. 30 жылдан бери кетирген каталарды, Конституциялык кеңешме сунуштаган жаңы Башкы Мыйзам менен мыйзамдуу түрдѳ оңдогонго мүмкүнчүлүк жок.

Эстесеңиз? Биз оппозиция болуп жүргѳн кезде, Сиз, мен жана Кадыр Кошалиев мырза менен максаттаган чыныгы элдик Курултайды, ар бир айыл-шаарлардан шайланган делегаттар менен ири ишке ашыра турган маселелер бар эле.

Биринчиси, легендарлуу парламентти тараткандан бери узурпаторлор кылымыш кылган иштердин баарын жоюп, элге терс залакасын келтирген келишимдерди кайра карап чыгуу эмес беле?

Экинчиси, экономикалык люстрация! Тышкы карызыбызды кайра изилдеп чыгып, ревизиялап, коррупция жолдорун аныктап карызды жоёбуз деп максаттанбадык беле?

Үчүнчүсү, бүт ратификацияланган келишимдерди кайра карап чыгып, туура эмес каралган маселелерди жана келишимдерди кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кайра калыбына келтирели дебедик беле? Ошол эле Кумтѳр маселеси, уурдалып кеткен эбегейсиз, тонналаган алтындарды кайра кайтаралы дебедик беле? Мындан тышкары Кыргызгаз маселеси бар. Каркыраа менен Үзѳңгү Кууш маселелеринин ратифакциясынын жана башка чек ара маселелерин кайра кароого мүмкүнчүлугүбүз ачылып жатпайбы.

Тѳртүнчүсү, кадр люстрациясы! Узурпаторлор менен кызматташып, алектешип жүргѳн саясатчыларды люстрациялоого мүмкүнчүлүккѳ жол ачылып жатпайбы!
Айтор, айтып отурсам таң атчудай. Мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгѳ сиздин бир чоң мүмкүнчүлүгүңүз бар. Тарыхта таза жана элдин жашоосун бир кыйла оңдой турган Элдик Лидер, тарыхый Инсан катары орун алууга азыр да кеч эмес.

Дагы бир Революцияны Кыргызстан кѳтѳрѳ алышы мүмкүн, бирок жыйынтыгы кандай оор болот экени бир гана Кудайга белгилүү.

Адашкан жолдон баш тартып, мыйзамдуулукка кайтыңыз Садыр байке! Ак үйдүн антеннасы сизди да буруп баштады. Ак үйдѳ отурган мафия сиздин башыңызды бурмалап коюшту. Кеч боло электе, кылмыштуулуктун жолунан баш тартыңыз! Убакыт бар, бирок аз!

Мыйзадуулукка жана каатчылыктан чыгуунун бирден бир гана жолу, бул Биздин «Мыйзам 93» Элдик Демилгени колдоо!

Садыр байке, катуу айтсам таарынбаңыз! Кыргызымда жакшы айтылган сѳз бар: «Дос күйдүрүп айтат, Душман сүйдүрүп айтат»!» — деп айтылат кайрылууда.