Аmazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос бир айдан бери алдына киши салбай келе жаткан Илон Маскты артта калтырып, кайрадан дүйнөдөгү эң бай адам болуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск январь айынын жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан.

Маалыматка караганда, учурда Безостун байлыгы 191 миллиард доллар деп бааланууда. Ал эми Масктын «капчыгында» 190 миллиард доллар бар. Негизи бул рейтингде Безос 2017-жылдан тарта 2020-жылдын акырына чейин кармалып келген.

Үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс келе жатат. Анын байлыгы 137 миллиард долларга жетет. Гейтстен кийин 116 миллиард доллары менен Louis Vuitton Moët Hennessy ишканасынын президенти Бернар Арно турат. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бештигин Facebook компаниясынын кожоюну Марк Цукерберг (104 миллиард доллар) жыйынтыктады.