«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, конкурс Кыргызстандын шаарларынын балдар жана жаштар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча ишине дем берүүгө багытталган.

Эң жогорку упай алган тиешелүү байгелүү орундары менен төмөнкү үч шаар конкурстун жеңүүчүлөрү болуп чыкты: 1-орун – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шары – 3 млн сом; 2-орун – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шары – 2 млн сом; 3-орун – Баткен облусунун Баткен шары – 1 млн сом.

Аталган конкурска 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргызстандын аймактык саясатынын концепциясында «өсүү түйүндөрү» деп белгиленген 18 шаар катышты: Бишкек, Кара Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен, Исфана.

Ошондой эле комплекстүү баалоонун жыйынтыгы боюнча төмөнкү 10 шаар «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамына ээ болушту: Кара-Көл, Балыкчы, Баткен, Кадамжай, Токмок, Нарын, ЖалалАбад, Кочкор-Ата, Ош, Каракол.

Белгилей кетсек, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы өкмөт тарабынан демилгеленип, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекетти агенттик тарабынан БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен өткөрүлдү.