Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитовдун катышуусундагы башкармалыктын борбордук аппаратында иштеген кызматкерлер менен жыйын болуп өттү. Жыйында шаардык милициянын жетекчиси шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо, профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Кызматкерлердин социалдык абалдарына, атайын кийимдер менен камсыздоодогу маселелер боюнча кызыкты. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

«Милиционер өзүнө жүктөлгөн милдетти так аткарып, ошондой эле мыйзамдуу эс алууга бөлүнгөн убактысында эс алуусу керек»,- деди Ош ШИИБдин начальниги. Ошол эле мезгилде ар бир милиционерден кызматтык тартипти темирдей бекем сактап, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону талап кылды. «Милиция кызматкеринин кийген кийиминен баштап, жүрүм-туруму, аткарган милдети дагы талаптагыдай болуусу керек. Мыйзамды, кызматтык тартипти бузган кызматкерлерге арабызда орун жок»,- деп белгиледи Ош ШИИБнин начальниги Акылбек Мамасейитов.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги А.Мамасейитов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрү менен кызматтарынын өздүк курамы менен жолугушуп, кызматтык ишмердүүлүктүн ишин илгерилетүү боюнча иштердин тынымсыз улантылаары тууралуу айтып өттү.
Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы