Коомдук ишмер, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Facebook социалдык тармактагы баракчасына жаңы бийлик, Президент, коомчулуктагы түрдүү пикирлер тууралуу төмөнкүдөй ойлру менен бөлүштү. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Президент жакшы иштеши керек. Мамлекеттик башкаруу системасы андан да жашкы иштесин.
Жаңы шайланган Президент Садыр Жапаровдун ишин баштаганына 20 күн толо электе эле сындагандар, “Жаңылды, жазды” – дегендер болууда. Бул эми бир чети мыйзам ченемдүүлүк. Анткени Президенттикке канча талапкер катышканы эсиңиздерден чыга электир. Атаандаштык чоң болду. Ар бир катышкан талапкерлердин айланасында кошо жүргөн жактоочулары бар болчу. Өз талапкерине фанатикалык түрдө берилип, пайгамбардан да артык көрүп, ал түгүл “Жаңы Кудай” – деп атап алгандары деле болбодубу. Шайлоо жүрүшүндөгү адат-көрүнүш ушундай тура. Жеңилгендердин ич күйдүлүгү али тарай элек. Дагы деле “оозунан алдырган бөрүдөй” болгондору бар. Анткени “Менин талапкерим сөзсүз өтөт” деп ойлоп, кыялданып жүрүшчү. Андай болбой калды. Бугун алар Садыр Жапаровдун ар бир кыймылын аңдуудан күчтөрүн чыгарып, “Акырын басса – аксак. Катуу басса – таскак” – дешүүдө. Экинчи дагы бир топ бар. Аларга эч ким жакпайт. Бул жашоонун өзү алар үчүн жалаң трагедиядан турат. Жеке жашоосундагы өксүктү айланасындагылардан, коомдон чыгарат. Кимди болсо да шыбап жамандоону кесип кылып алышкан. 30 жылдан берки коомубуздагы түзүлгөн абал ошондой писихикалык жактан жабыркагандардын көбөйүшүнө алып келген. Бул эми өзүнчө терең изилденүүчү медициналык илимий маселе.
Айтарыбыз чынында жалпы эл күткөндөй Президент Садыр Жапаров жакшы иштеши керек. Жаман иштешке акысы жок. Анткени элдин үмүтү С.Жапаровго болуп көрбөгөндөй ишеним артып турат. Бул ишеним акталууга тийиш. С.Жапаров кантип жакшы иштей алат? Бир гана жолу бар. Ал мамлекеттик башкаруу системасын толук кандуу туура иштетиши керек. Мамлекеттик башкаруу системасын туура иштетиш үчүн ар бир тармакка кесипкөй адистерди коюп, мамлекеттик кадр маселесин туура чечүүсү керек. Иш ушундан башталмайын чалына берет. С.Жапаров жалгыз. Президент эч убакта барын жалгыз өзү чече албайт. Бир суткада 24 саат бою уктабай иштесе да андай мүмкүнчүлүгү болбойт. Мамлекеттик бийликтин системасынын ички механизими туура жана так иштеп, ар бир тетиги өз милдетин туура так аткара баштаган күндөн, Президент өлкөнүн стратегиялык жана тактикалык келечек иштерин гана ойлоп, өзүнүн чыныгы милдетин аткарууга өтөт. Буга бүгүнкү болуп жаткан окуялар менен далил келтирейин. Чек ара маселеси боюнча эмне үчүн Баткендиктер Президентке келиши керек? Президентке чейинки бул тармакка жооп берген канча мамлекеттик кызматтар турат? Кыскартып санайлы, Баткен областык чек ара жетекчилиги, областык Өкүмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, Республикалык чек ара маселеси боюнча жетекчилик. УКМКнын төрагасы, ушул тармак боюнча жоопкер орун басары. Өкүмөттүн чек ара маселеси боюнча жоопкер бөлүмү. Өкүмөт башчы. Мына Президентке жеткиче чек ара маселеси боюнча жоопкер 7 мамлекеттик тармакты санадык. Ар бир тармакта бир нечелеген кызматкерлер очойгон айлык алып отурушат. Суроо туулат. Эмне үчүн чек арада жашаган эл “Президент чек ара маселесин чеч!” – деп Бишкеке келүүлөрү керек? Президент барын жалгыз чечсе мен санаган тармактардын, андагы очойгон айлык алып отурган кызматкерлердин кереги барбы? Кереги жок болсо жоюлсун. Эгер керек болсо бирок ал жерде отурган жетекчилер өз иштерин аткаралбай жатса иштей турган адамдарга орундарын бошотуп берсин. Болбосо маселени Президентке жеткизбей ордунда чечсин. Ошон үчүн ал кызматты аркалап отурат. Мына менин мамлекеттик бийликтин башкаруу системасынын ички механизими туура так иштеши керек дегенимдин сыры. Ушундай эле жол менен экономика, маданият ж.б. тармактар боюнча айтсак болот.
Жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы менен Президентке мамлекеттик башкаруу механизимин тактап туура иштөчү система түзүүгө толук укук берилет. Бүгүнкү колдонуудагы (2010-жылы кабыл алынган) Баш мыйзам боюнча Президент Өкүмөттүн ишине кийлигишкени мыйзамсыз болуп калат. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгыча мамлекетте убактылуу мыйзам түшүнүксүздүгү өкүм сүрөт. Анткени мамлекетте ушундай убактылуу боштук (вакум) түзүлүп калды.
Коомчулуктун болсо мыйзам жана анын талаптары менен анча деле иши болбойт. Оркойгон кемчилдиктер чыкса “Президент жооп бер”- деп келе беришет. Анткени мамлекетте эң жогорку бийлик Президент. Андан жогоркусу Жараткан Кудай гана. Кудайга жетүү мүмкүн эмес Президентке жетсе болот», – деп жазат Чолпонбек Абыкеев.