Бейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көлдө +6…+11, Нарын өрөөнүндө +3…+8 градус болот.

Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +22…+24 градусту көрсөтөт.