2021-жылдын 13-февралында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма cөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль Хаммади менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим тармактарындагы бир катар кызматташуу багыттарын талкуулашты.

– Сүйлөшүүнүн жыйынтыктарын ишке ашыруу максатында эки министрликтин жумушчу топтору биргелешкен ишти алып барышат.

– Иш сапарын улай, министр Алмазбек Бейшеналиев Аль Мактум атындагы Кайрымдуулук фондунун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Мирза Аль Саег менен жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында Аль Мактум атындагы фонд тарабынан Кыргыз Республикасында билим берүү комплексинин курулушу макулдашылды.

– Жакынкы убакта даталар такталгандан кийин, билим берүү комплексинин курулушуна даярдыктарды баштоо үчүн Фонддун делегациясынын Кыргызстанга келиши күтүлөт.

– Мындан сырткары, иш сапарынын алкагында КРдин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев БАЭнин премьер-министринин кеңсесинин генералдык директору Абдулла Нассер Лутах мырза, ошондой эле Министрлер кабинети жана БАЭнин келечегинин иштери боюнча министрликтин генералдык директору Ясер Аль Нагби мырза менен жолугушту.

– Жолугушуунун жыйынтыгында тараптарды кызыктырган кызматташтык багыттарын аныктоо жана жооптуу адамдарды дайындоо менен алар боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү макулдашылды.