Bill Gates, co-chair of the Bill and Melinda Gates Foundation, speaks during the Bloomberg New Economy Forum in Beijing, China, on Thursday, Nov. 21, 2019. The New Economy Forum, organized by Bloomberg Media Group, a division of Bloomberg LP, aims to bring together leaders from public and private sectors to find solutions to the world's greatest challenges. Photographer: Takaaki Iwabu/Bloomberg

 Америкалык ишкер, меценат жана Майкрософт компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Technology Review журналына бай мамлекеттер адамзатты климаттык катастрофадан кантип сактап калууга жардам бере тургандыгын айтты.

Маалыматка ылайык, Гейтс өсүмдүктөрдөн алынган белокторго өтүү мал чарбачылыгынан метан газынын бөлүнүшүн азайтууга жардам берет деп үмүттөнөт.

«Мен бай өлкөлөрдүн бардыгы 100 пайыз синтетикалык уй этин пайдалануусу керек деп эсептейм. Сиз убакыттын өтүшү менен ал даамга көнүп каласыз. Өндүрүүчүлөр кийинчерээк ал даамдарды жакшыртышат», — деди ал басылмалардын бирине берген маегинде.

Буга чейин ишкер климаттык бейтараптуулукка жетишүү адамзат үчүн эң татаал маселе деп атаган. Бул үчүн анын пикири боюнча көмүрдүн, мунайдын жана газдын күйүшүнөн пайда болгон парник газдарынын көлөмүн азайтууга басым жасоо керек.