Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Эрнис Нурдин Өмүрбек Текебаев тууралуу төмөнкүдөй пикирин жазган:

«Текебаев менен Али Токтакунов жолукса, митингди Текебаев уюштурмак беле. Акаев качкандан бери, саясий оюнчулар Өмүрбек Чиркешовичтин үйүнө күндөп-түндөп барып, «мен не болом, тигилер не болот» деп,»төлгө» тартырып келишет. Текебаев да картайды. Баштагыдай саясий дымагы жок. Бири-бирине тукуруп каршылашын аңтарып түшкөн убактысы өттү. Каршылаштары Текебаевсиз эле өздөрү аңтарылып кетишти. Бу киши деле азыр кайнилери Садыр Жапаров менен Сыймык Жапкыеевдин төрүндө көк чай ууртап, кеп-кеңешин айтып олтургусу келет. Ошентип отурайын десе кайнилерин кошоматчылар ороп, жездеси Текебаевди жакындатпай тээп жатышпайбы. О-бу деген менен 30 жылдан бери Көлдөн падыша эми чыкты.Текебаев сүйүнгүсү келбесе да Көлдүн кызы Айгүл жеңе сүйүнүп, ичинен кымыңдап турган кербези. Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр дегендей, президент Жапаров да жездеси Текебаевди 7-кабатка кеңешчи кылып алса ызы-чуу түшпөгүлө. Чиркешовичтей саясий сейсмологдор, жаңы келген кайсы бийликке болбосун керек негизи» – деп жазган Эрнис Нурдин.