Өзбекстанда Каракалпакстандын Элликкала аймагында эшектин көрүстөнү табылды. УзАнын маалыматы боюнча, эшектердин сөөктөрү үч жерден табылган. Алардын бирөөсүндө  55 эшектин кабыргалары көрсөтүлгөн.

Окуя ушул жылдын 12-февралында социалдык тармактарда видеотасма таркатылгандан кийин белгилүү  болгон.

Жергиликтүү блогер Достон Болтаев Элликкала аймагынын чыгышындагы чөлдүү аймактан өлтүрүлгөн элүүдөн ашык эшектин жаңы сөөктөрүн тасмага түшүргөн. Болтаев кийинчерээк бул аймакка жакын жерде өлтүрүлгөн ондон ашык эшектин сөөктөрү табылгандыгын кошумчалаган.

Тасмада эшектин эти адамдарга сатылганы айтылган.

«Эт кабыргадан жылмакай бөлүнүп алынгандыктан, эшекти тажрыйбалуу касапчы кескенин байкоого болот. Эгер эт зоопаркка арналган болсо, бул жерде сөөктөр жок болмок ”, — дейт блогер.

Учурда санитардык-эпидемиологиялык саламаттыкты сактоо жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын, Ветеринардык жана мал чарбасын өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле башка тиешелүү уюмдардын өкүлдөрү бардык касапчылардын ишин текшерип жатышат.

Мындан тышкары, адистер жергиликтүү эт союлуучу жерлерди текшерүүдө.