Нью-Джерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык 39 кабаттуу казино жана Trump Plaza мейманканасы жардырылды. Жарылуунун видеосу жергиликтүү nj.com порталынын Youtube каналына жарыяланды. Бул тууралуу РИА новости маалымат булагы жарыялады.

Маалыматка ылайык, белгилүү имараттын бузулушун көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары келишкени баса белгиленди.

Портал мекеме 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болуп калганын, бирок ал 2014-жылы жабылгандыгын белгилейт. Мекеменин жабылышына байланыштуу миңдеген адамдар жумушсуз калышты. Казино 2016-жылы ишин токтоткондон кийин, ага ээлик кылуу Trump Entertainment Resorts дан Icahn Enterprises компаниясына өткөн.

Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл 2020-жылы урап баштаган имаратты бузуу тапшырмасын бергени кабарланууда.

Булак: 7 канал