Премьер-министр Улукбек Марипов олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спорттун бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу талкуулады. Өкмөт башчы өз сөзүндө профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, өсүп келе жаткан муун арасында спортту массалык түрдө жайылтуу, дүйнөлүк деңгээлге чыгууга жөндөмдүү таланттуу спортчуларды колдоого алуу маселесине тийиштүү көңүл бурулуусу зарыл экендигин баса белгилеген.

Каныбек Осмоналиев өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу жеке ал үчүн гана эмес, ар кыл спорттук иш-чараларда өлкөнүн намысын коргоп келген жана коргой турчу жалпы спортчулар үчүн маанилүү болуп саналарын айтып өттү.

Өкмөт башчы олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди энчилүү сааты менен сыйлап, көп томдуу «Кыргыздар» китебин белекке тапшырган.

Жолугушуу Каныбек Осмоналиевдин Москва шаарындагы XXII жайкы Олимпиада оюндарында алтын медаль жеңип алгандыгынын 40 жылдыгына арналган.