Ички иштер органдарынын кызматкерлери күжүрмөн салтты улантуу менен, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өздөрүнө тагылган милдеттерди абийирдүүлүк жана жоопкерчилик менен аткарып келишет. Мамлекетибиздин бардык өнүгүү тарыхында ички иштер органдарынын кызматкерлери кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө алдыңкы катарда туруп, жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого алууда маанилүү тамшырмалар аткарылуунун үстүндө келери жалпыга маалым.

Кылмыштуулукка каршы кырчылдашкан күрөштө башты канжыга байлап коюп аттанышкан эр азаматтарыбыз тарабынан далай эрдиктер жасалып, кылмыштуулук тизгинделип, мыйзамсыз жолдо жүргөндөр тескелип келет. Андай учурда өмүрү бычак мизинде болгон мүнөттөрдү баштан кечирип келе жаткан кесиптештерибиздин арасында, тилекке каршы жоготуулар да болбой койбойт экен. Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл-журтбуздун алдында берген антына бек туруп өз өмүрүлөрүн аябай, тобокелге салып, ар кандай күтүлбөгөн тапшырмаларды аткарууда өз өмүрлөрүн аябай баатырларча курман болгон кесиптештерибиздин эстен чыгарбай жасаган эрдиктерин келечек муундарга өткөрүп берүү ар бир кызматкердин бирден-бир милдети.

2021-жылдын 18-19-февраль күндөрү “Динамо” спорт клубунун түштүк спорт комплексинде, арабыздан өтүп кеткен эр-жүрөк азаматтарыбызды эскерүү максатында ошондой эле ички иштер министрлигинин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын түзүлгөндүгүнүн 29 жылдыгына жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман милициянын капитаны Исмаилов Толобек Эсенбековичтин жаркын элесине арналган “Волейбол” боюнча мелдештин ачуу азему болду. Милициянын капитаны Исмаилов Толобек 2015-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Достук кичирайонунда экстремист Итибаевди кармоо операциясында курман болгон. Исмаилов Толобек ички иштер органдарынын катарына 2001-жылы келип 14 жыл аралыгында өзүн тажыйрбалуу өз кызматтык милдеттери мыкты аткара билген кызматкер катары кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болуп аз убакыттын ичинде мыкты шакитртерди даярдап, Мамлекет жана министрлик тарабынан кылган кызматы жасаган эрдиги бааланып бир катар сыйлыктарга татыган. Толобек Исмаилов 2006-жылы Баткен областындагы куралдуу террористтерди жок кылуу операциясына катышып, жасаган эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык «Эрдик» медалы менен сыйланган. Арабыздан өтүп кеткен кесиптештерибизди эч качан эсибизден чыгарбай ар качан эскерип эрдиктерине таазим этип турабыз.

Аталган мелдешке атайын багыттагы полктун Бишкек шаарында жайгашкан батальондору жана атайын операциялар отряддарынан турган

7 команда ат салышууда.

—              Батальон  № 1-1 команда;

—              Батальон  № 2-1 команда;

—              АОО (атайын операциялар отряды) 2 команда;

—              АОО Бишкек шаары боюнча 1 команда;

—              АОО Чуй облусу боюнча 1 команда;

—              АООнын ардагерлеринен турган 1 команда.

Мелдештин ачылыш аземине атайын багытагы полктун командири милициянын полковниги Султаналиев Аскат Ишенбаевич, командирдин биринчи орун басары-штаб башчысы милициянын полковниги Камчиев Нурлан Дадабаевич, Исмаилов Толобектин биртууган иниси Исмаилов Рахатбек, Исмаилов Толобектин балдары, мелдешка келген командалардын катышуусунда башталды. Мелдешти ачып жатып полктун командири: мындай мелдештин өткөрүлүп жатканы арбыздан өтүп кеткен кесиптешибизди эскерүү менен бирге кызматкерлердин дене тарбия дарядыгын, коомдук тартипти камсыздоодо, кылмыш менен күрөшүүдө кесипкөйлүүлүгүн, шамдагайлыгын жогорулатып кызматтык милдеттерин так туура аткарууда дем-күч берерин баса белгилеп командаларга ийгиликтерди каалады. Андан кийин сөз Исмаилов Толобектин биртууган иниси Толобеков Рахатбекке берилип ал өз сөзүндө кызматкердин кызматтарына чон жетишкендиктерди каалап эртең менен кызматка кандай кеткен болсоңор үй-бүлөсүнө аман-эсен кайтып барышын тилеп, мелдешти уюштурган ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

 

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы