Кардарларга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, аларга жарандардын жеткиликтүүлүгүн жөнөкөйлөтүү, процедураларынын санын жана мөөнөттөрдүн убактысын кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан Түп жана Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн базаларында «Бирдиктүү терезе» режиминде кошумча тейлөө борборлору ишке киргизилди. Аталган борборлордун ачылышына Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Бактыгулов катышты.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Түп жана Ак-Суу райондорунан сырткары,  ушул өӊдүү борборлор облустун калган шаарларында жана райондорунда ачылып, жарандарга тийиштүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп келүүдө.  Аталган райондордун көпчүлүк жашоочулары облус борборунан алыс жашашкандан улам, соттолбогондугу, же болбосо соттолгондугу жөнүндө тактаманы алууга Каракол шаарына узак чакырымдарды басып өтүп, убакытты текке кетирүүгө аргасыз болуп келишкен.

«Эми бул аймактарда кошумча борборлордун ачылышы менен, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн мурда кайрылууга жумшаган убакыттарын үнөмдөгө мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Андан сырткары, маалыматтарды киргизүү жана төлөө механизми жөнөкөйлөтүлдү. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтүүчү борборлорунда бардык тийиштүү мамлекеттик кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет жана  биздин жарандарга ыӊгайлуу шарттар түзүлмөкчү», — дейт Улан Бактыгулов.

Борборлордо атайын стенддер орнотулуп, ал жерде талап кылынган документтердин тизмелери жана арыздардын үлгүлөрү көрсөтүлөт. Төлөм акысы тейлөө борборунда, же болбосо  соода борборлорунда орнотулган терминалдар аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир кызматтын баасы мөөнөткө карата болот.

Акы төлөө баалары:

— 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

— 1 күндүн ичинде берилсе – 191 сом;

— бекер берилсе – 7 жумуш күн аралыгында.

ИИМдин Басма сөз кызматы