Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткен облусуна барды.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев чек ара боюнча маселелерди жеринде кароо үчүн Баткен облусуна барган.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын башчысы Ташиев Германиядан учуп келип, Баткенге бара турганы кабарланган. Ал 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.