Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткендеги чек арада жайгашкан  Ак-Сай эли менен жолугушу өткөрүүдө .

Ал жолугушууда жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого, тополоң салбоого чакырды.

«Тажикстан менен 460 чакырым такталбаган эң оор участоктор калган, бирок аны да сүйлөшүү, дипломатиялык жол менен чечебиз. Чек ара күч менен чечилбейт. Эки тараптын макулдашуусу, сүйлөшүүсү менен чечилет. Элге, жерге каршы чечим кабыл алынбайт. Биз мамлекеттин чек арасын күчтөндүрөбүз», — деди Ташиев.

Ошондой эле Ташиев коомду өзгөртүү керек экенин айтты.

«Коомду өзгөртүшүбүз керек. Мен деле унчукпай эле ошол эле коррупционерлер ошол эле бандиттер менен чогуу жашап жүрө берсем болмок. Бирок биз коомду өзгөртүшүбүз керек. Укук коргоо, бажы жана чек арадагы кызматкердин пара алып жатканы боюнча маалыматтар болсо бергиле, видеого тарткыла. Эгер маалымат так болсо ошол күнү камайм. Ошондой укук коргоо органдары адамдын укугун кордоп же жалган жалаа жапса алар боюнча дагы маалымат бергиле. Туугандар жакшылыкка умтулалы. Уруш талаш кылып, бири-бирибизге жакшы жаман айтып, президентти же мага жалган жалаа жапкандан эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Мен көп сүйлөп койдум окшойт, капа болоңуздар. Башым дагы айланып кетти», — деди Ташиев.
Ташиев менен кошо айыл тургундарына жолугушууга өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган ыйгарымдуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү катышууда.