УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун эли менен жолугуп жатып президент Садыр Жапаров күнү-түнү иштеп жатканын, иштин жыйынтыгы 1 жылда чыгаарын айтты.

“Президентибиз күнү-түнү иштеп жатат. Анын ишке киришкенине 20 күн гана болуптур. Бир аз сабыр кылып туруңуздар. Биздин план боюнча 1 жылда жыйынтык болот”, — дейт ал.

Эске салсак, ал бүгүн 18-февралда, Германиядан Ошко учуп, Баткен эли менен жыйын өткөрүп жатат.