Бүгүн, 18-февралда «Конституциялык принциптер мамлекеттин кебелбес негиздери» деген аталыштагы жыйын болуп өттү. Анда учурдагы каралып жаткан Конституциядагы мыйзам бузуулар жана «Мыйзам 93» тобу 1993- жылдын 5-майында кабыл алынган Конституцияны кайра калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө айтылды. Тегерек столго белгилүү саясий ишмерлер, саясат таануучулар жана талдоочулар катышты.

Тегерек столдо экс-депутат Максат Кунакунов президент Садыр Жапаровго жаңы Баш мыйзам тууралуу кайрылуу жасады.

«Өлкөбүздө бүгүнкү күндө орун алып жаткан саясий абал кайдыгер эмес адамдарды ойлондурбай койбойт. Элибизде сөз бар шашылган шайтандын иши деп. Ар бир кылып жаткан жумушту кылдаттык менен ойлонуу керек. Ушул жерден баарыбызга маалым болгондой, мыйзам талаасына толук келе албай жаткан өлкөдө Конституциялык реформаны ишке ашыруу мыйзамдуу болобу деген суроо жаралат. Биздин позициябыз 1993-жылдын 5-майындагы Баш Мыйзамдын калыбына келиши президенттин, өкмөттүн, парламенттин жана башка бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирбейт. Бардык органдар өз функцияларын Конституциянын жоболорунун негизинде аткарышат.

Ал эми саясий эксперт Бакыт Бакетаевтин айтымында, 1993-жылы жазылган Конституция ошол учурдагы мыкты жазылган Конституция. Анткени элдин экономикалык жана саясий кырдаалына шайкеш келген. Эл аралык эксперттер тааныган мыйзам деп эсептелген.

«Жаман айтпай, жакшы болбойт» деген сөз бар элибизде. Шашпастан артыкчылыктарын, кемчиликдиктерин жакшылып карап чыгуу керек дейт» – Бакетаев.

Ага улай саясий серепчи Алмамбет Матурбаимов,

«Алгачкы күндөрү концепция боюнча ызы-чуу болду. Талаш-тартыш болуп, сүйүнүп алышкан биринчи жолу кыргыз тилинде Конституция жазылды деп. Анан эле долбоорду ким жазды, авторун таппай калдык. Концепция дегенди кандай түшүнөбүз? Бул негизги көз караштар. Долбоордун структурасын өзгөрткөнгө акыбыз жок болчу. Ар бир жобону тактап толуктоолор жүргүзүп анан кабыл алуу керек эле» – деп билдирди Матурбаимов.