УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткенге болгон иш сапарында Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушевдин кармалышы боюнча оюн айтты. Бул тууралуу Баткен  эли менен жогушууда билдирди.

«Муфтий Токтомушев боюнча мен ойлойм анын камалгандыгынын мыйзам чегинде дагы бир жолу карап чыгыш керек. Бирок мусулмандыктын негизинде, ар намыс, ариеттин негизинде бул бир аз туура эмес болуп калды деп эсептейм. Эгерде ал Кыргызстандын мыйзамдарын бузган болсо, жооп берүүгө милдеттүү. А бирок биз мусулман калкы катары өзүбүздүн муфтийлерибизди, аалымдарыбызды колдоп, кубатташыбыз керек», — Ташиев.

Журналисттердин муфтиятты текшерүүгө укук бар беле деген суроосуна, «Аны эми мен айтышым кыйын. Кайсы тараптан мыйзам бузулгандыгын деле билбейм азырынча» деп жооп берди.