Кургатылган кара өрүк колубузга тийсе тамшанып жеп койгонубуз менен анын адам баласынын ден соолугуна кандай пайдалуу экенин көп деле биле бербейбиз. Кыштын күнү көпчүлүк жемиштер пайдалуу сапаттарын жоготуп коюшат, ал эми кургатылган кара өрүк — табият тартуулаган керемет, кышында организмге керек болгон таттуу витамин.
Ден соолукка пайдасы
1. Ичеги-карынды жакшы иштетет. Кургатылган кара өрүк – ич катуунун душманы. Биринчи кезекте кургатылган жемиштин курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү клетчатка, тамак сиңирүү органдарына абдан пайдалуу. Азык буласы тамак сиңирүү ферменттерин активдештирип, ичеги-карындын микрофлорасын баланстаганга жардам берет. Ичегинин капталдарын оору жуктургуч бактериялардан коргоп, организмден токсиндерди, шлак жана башка зыяндуу заттарды эң сонун айдап чыгат. Анан да эл арасында көп тараган ич катуу көйгөйүнө табылгыс дары. Чынында мындай ичти айдаган азыкты табыш кыйын. Анын курамындагы клетчатка суюктукту өзүнө мыкты сиңирип алат, ичегини кыймылга келтирет, жоон ичегидеги чогулган заңдарды жумшартат жана эритет.
1-рецепт: Кургатылган кара өрүктүн 10-15 мөмөсүн эт туурагычтан өткөрүп, ага бир аш кашык суюк балдан кошобуз. Даяр болгон суюктукту күн сайын эрте менен жана кечинде 1 чай кашыктан чайга, майсыз кефирге же айранга кошуп ичсе ичти өткөрөт.
2-рецепт. 100 г мөмөнү эки стакан кайнак сууга салып, үстүн жакшылап жаап ширеси чыкканча эки саат тыныктырып коёбуз. Муну экиге бөлүп эрте менен жана кечинде ширесин ичип, мөмөсүн жеп коёбуз.
2. Аз кандуулукта. Кургатылган жемиштин курамындагы витамин жана темир авитаминоз жана темирдин жетишсиздиги, аз кандуулук менен күрөшөт.
3. Жүрөк-кан тамыр системаларынын иштөөсүндө. Курамындагы жогорку көрсөткүчтөгү калий жүрөк-кан тамыр системасынын иштөөсүнө жакшы таасир этет жана суу, туздун балансын нормалдаштырат. Окумуштуулар анын заара чыгаруучу натыйжасы бар экенин, үзгүлтүксүз колдонуу шишиктен арылтарын жана артериалдык кан басымын төмөндөтөрүн далилдешкен. Ал турсун, гипертония менен ооруган адамдарга атайын диетасы бар.
4. Бөйрөк жана боорго пайдасы. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, кургатылган кара өрүк бөйрөк менен боордогу токсиндерди айдап чыгат. Курамындагы калий болсо табарсыктагы таштар менен күрөшүп, өттүн жана табарсыктын иштөөсүн активдештирет.
5. Бактерияга каршы аракети. Мөмөнүн кагынын бактерияга каршы аракети бар. Ооз көңдөйүнүн тиш бүйлөлөрүнө суук тийгенде жана кариесте бактериялардын жана оору жуктургуч микроорганизмдердин көбөйүшүн токтотот.
6. Остеопороз менен күрөшөт. Остеопороз (сөөктөрдүн морттугу) менен жапа чеккен адам кургатылган кара өрүктү күнүмдүк рационуна кошсо, анын курамындагы кальций оорусун бат эле жеңип чыгат.
7. Рак клеткаларынын өсүшүнө тоскоол болот. Антиоксидант (С витамини) рак шишигинин өсүүсүн токтотуп, иммунитетти чыңдап, организмдин эрте картаюусунун алдын алат.
8. Жумушка болгон жөндөмдүүлүктү көтөрөт. В витаминдеринин тобу организмди сергитет, күч-кубат берет, маанайды көтөрүп, эс тутумду жакшыртат.
9. Көздүн саламаттыгында. Бета-каротин көз ооруларынын алдын алып, көрүүсүн жакшыртат.
10. Териде. Организмден токсиндерди, шлактарды айдап чыгып, териге, тырмак, чачка пайдалуу.
Ашыкча салмак менен күрөшүүгө эң мыкты азык
Жогорку көрсөткүчтөгү калориясына карабай арыктоодо натыйжалуу азык. Диетологдор да көп учурда бул азыкты сунушташат. Ал ичегилерди тазалап, заңданууну нормалдаштырып, табитти басаңдатып, ачкалык сезимин жоготот. Суу, тузду нормалдаштырууга көмөкчү болуп, зат алмашууну жакшыртат. Күн сайын негизги тамакты жээрдин алдында 5-6 мөмөсүн жесе, тамакка болгон тартылууну басаңдатат. Печенье менен момпосуйдун ордуна жеп турса эң жакшы.
1-диета. Кургатылган кара өрүктүн данексиз 10 мөмөсүнүн үстүнө кайнак суу куюп жумшартып, 1 литр майсыз кефирди кошуп блендерде аралаштыруу керек. Алгачкы эки күндө суюктук эрте мененки, түшкү жана кечки тамактын ордуна үч маал ичилсе, кийинки күндөрү кечки тамактын ордуна ичилет. Мындай оор жумалар бир ай бою уланат, өз салмагыңызга келгениңизче калориясы жогору тамактардан баш тарта турганыңыз оң. Ушул эле суюктукка кебек да кошуп алсаңыз, ичегилериңизди абдан сонун тазалайт.
2-диета. Ашыкча салмагынан батыраак арылууну каалагандар кургатылган кара өрүк менен үч күндүк диетаны кармаса, 3-4 килограммга арыктайт. Ар бир 3 саат сайын 5-6 мөмөсүн жеп, башка эч кандай тамак жебеши шарт, сууну каалагандай иче берсе болот. Бул диета организмдеги шлактарды щётка менен тазалаган сыяктуу тазалап чыгат.
3-диета. 7 күндүк диета. Эрте менен 100 г гречка боткосу (же башка) менен 1 даана кургатылган кара өрүк, көк чай ичебиз.
Күндүн биринчи жарымында – 1 даана кургатылган кара өрүк, 1 стакан кефир.
Түшкү тамак – майсыз шорпо, гарнири менен каалаган жашылча, 100 г эт же балык, кургатылган кара өрүктүн компоту.
Күндүн экинчи жарымында – 1 даана кургатылган кара өрүк, 1 стакан кефир.
Кечки тамакта – кургатылган кара өрүк, жемиштер менен салат, 1 стакан кефир, каалаган белоктуу азык (эт, балык), йогурт менен кургатылган кара өрүктөн коктейль.
Жыйынтыгында 7 күндө 2-4 килограмм салмак таштоого болот.
Интернет булактарынан алынды.