Жуманын дем алыш күндөрү өтүп жаткан жарманке бул ирет Бишкек шаарынын төрт районунда уюштурулат. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Азык-түлүк жарманкеси өтүүчү даректер:
- Ленин району, Чапаев — Айни көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Октябрь району, 12-кичи район, Аалы Токомбаев көчөсү;
- Биринчи май району, Исхак Раззаков жана Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Свердлов району, Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Баалар төмөндөгүдөй болот:
- Уй эти — 405 сом;
- Жылкы эти — 380-390 сом;
- Кой эти — 410 сом;
- Тоок эти — 190-200 сом;
- Суу май — 118-120 сом;
- Жумуртка 10 даана — 85-88 сом;
- Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом;
- Кумшекер — 56-57 сом;
- Күрүч — 55-60 сом;
- Алма — 30-50 сом;
- Сабиз — 12-15 сом;
- Картошка — 22-25 сом;
- Пияз — 15-16 сом.
Жарманкеге ондогон ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер азык-түлүктөрүн алып чыгат.