2021-жылдын 18-февралында Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши, ички иштер органдарынын коом менен өз ара аракеттенүү иш алкагында ИИМдин поликликасына барышты.


Кеңешменин мүчөлөрү «Боорукер Планета» коомдук фондунун президенти Елена Виталиевна Рылова менен биргеликте Ички иштер министрлигинин медициналык мекемесине төмөнкү дары-дармектерди тапшырышты:
— Клексан 50 таңгак;
— Фраксипарин 11 даана;
— Ксарелто 6 даана;
— Дексаметазор 4 таңгак (40 ампула);
— Гепарин 3 коробка (15 флакон);
— Хлоргесидин 10 даана;
— Спирт 50 даана;
— Система 40 даана;
— Перчатка 10даана;
— Вата 20 упаковка;
— Шприцтер 500 даана;
— Чөнтөк Антисептиги 90 даана;
— Физраствор 5 даана;
— Аспирин 50 таңгак;
— Парацетамол 50 таңгак;
— Витамин С 60 таңгак.
Дары-дармектер Ички иштер министрлигинин бейтапканасында дарыланып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери жана пенсионерлери үчүн арналган.
Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши туруктуу негизде ички иштер органдарынын кызматкерлерине жардам көрсөтүп келет.
«Пандемия учурунда Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун постторуна дары-дармектерди, жеке коргонуучу каражаттарды жана азык-түлүктөрдү жеткирип турушту. 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин Октябрь окуясынан жаракат алып, Ички иштер министрлигинин бейтапканасында дарыланып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлерине бекер жардам көрсөтүлдү. Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Ички иштер министрлигинин бардык кызматкерлерине кеңири жардам көрсөтүп келет», — деп билдирди Ялкун Даутов.

ИИМдин Басма сөз кызматы