АКШнын түштүк штаттарында катталган катуу бороон 20 дан ашык адамдын өмүрүн алды.
Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды. Бороондон Техас шаары эң көп жабыркаган. Аба ырайынын начарлыгынан Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече тургуну көз жумган. АКШнын түштүк аймагындагы рекорддук суук бир нече күнгө созулары айтылууда.
Кардуу бороон Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да сокку урган, анын кесепетинен миллиондогон эл жашаган аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
Булак: Биринчи радио