Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды улантышууда.
2021-жылдын 18-февраль күнү Жайыл РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Шамбетов Уран Узбекович милициянын аймактык тескөөчүлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Полтавка жана Кызыл Дыйкан айылынын жашоочулары менен жолугушту. Аталган иш-чарага жергиликтүү жашоочулар катышып, өз көйгөйлөрү менен бөлүшүштү. Мындай жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин баары кабыл алынып, тиешелүү кызматтарга жөнөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2020-жылда милициянын көчмө кабылдамасы Жайыл районунун аймактарына 80 жолу чыгышып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу жана жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алуу иштерин жүргүзгөн