Өздөрүнүн алдамчылык иш-аракеттери менен жарандарды олуттуу чыгымдарга учуратып, ыңгайсыз абалга алып келген шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлдү. Кармалган жаран бир нече алдамчылык иш-аракеттерин жасоого шектелүүдө.
2018-жылдын ноябрь айында жаран Б.М. автоунаанын ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу аркылуу акчасын бөлүп төлөйм деген шылтооо менен «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алган. Автоунаанын баасы 6400 АКШ доллары турат. Андан соң, шектүү автоунааны сатып, акчасын өзүнө ыйгарып алып, өз керектөөлөрүнө жумшаган.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
2018-жылдын октябрь айында жаран Б.М. шаардын жашоочусуна «Mercedes-Benz E430» үлгүсүндөгү автоунааны 8000 АКШ долларына сатып, кийинчерээк документин жасап берем деген шылтоолорун айткан. Бирок, бир жумадан кийин шектүү автоунааны кайра алып, 5000 АКШ долларын берип, калган 3000 АКШ долларын кийинчерээк берем деп алдап кеткен. Жабырлануучуга 209 000 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирилген. Аталган факты КЖБРге катталган.
2018-жылдын күз айында жаран Б.М. автоунаалардын ээсинин ишенимине кирип, баасы 13500 АКШ доллары турган 2011-жылы чыккан «Honda CR-V», 10000 АКШ доллары турган 2010-жылы чыккан «Ford Transit», 4000 АКШ доллары турган «Nissan Maxima» үлгүсүндөгү автоунааларды алдоо жолу менен ээлеп алган. Автоунааларды үчүнчү жакка сатып жиберип, 27000 АКШ долларынан ашык зыян келтирген. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
2018-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында жогорудагы жаран алдоо жолу менен шаардын жашоочусунун ишенимине кирип, баасы 5900 АКШ доллары турган «Toyota Camry» үлгүсүндөгү автоунааны ага сатып, акчасын дагы өзүнө ыйгарып алган. Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, бул автоунаа башка жаранга таандык экендиги белгилүү болгон. Ал өзүнүн алдамчылык аракеттери менен жабырлануучуга 5900 АКШ долларга зыян келтирген.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
2019-жылдын февраль айында шаардагы дүкөндөрдүн биринде жубайыма сатып алганы жатам деген шылтоо менен алдап 83800 сомдук «iPhone XS» үлгүсүндөгү уюлдук телефондун акчасын бөлүп төлөп берем деп, баштапкы суммасын 20 000 миң сомду төлөп, телефонду алган. Андан соң, толук суммасын төлөбөй изин жашырып качып кеткен. Ишкер 55800 сомдон ашык материалдык чыгымга учураган.
Жогоруда айтылган фактылардан сырткары жаран Б.М. алдамчылык иш-аракеттери менен башка жарандарга дагы материалдык зыян келтирген.
Шектүү 1986-жылы туулган Б.М. Бишкек шаарынын тургуну болот. Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.
Бир нече кылмыш иштерин жасагандан кийин ал чет мамлекеттердин биринде жашырынууну ойлоп, качып кеткен.
Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында 2021-жылдын январь айынын аягында жаран Б.М. Казакстан Республикасынын Алматы шаарынан кармалды. Кармоо боюнча операцияга Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын Полиция департаментинин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
Кармалган жаран Б.М. Алматы шаарынын Полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасына эсктрациялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы