Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ош жылуулук электр борборунда коррупциялык схеманы аныктады.

УКМК Ош шаарындагы ЖЭБге коммерциялык кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз кошуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө.

Анын алкагында, Ош шаарындагы жылуулук борбордун жетекчилиги коммерциялык объектилердин ээлери менен жең ичинен келишип алып,  жеке менчик мончолорго, спорт залдарга, медициналык клиникаларга жана көп кабаттуу турак үйлөргө ири соода объектилерине жылуулук тутумун мыйзамсыз байланыштырган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, аталган коммерциялык объектилерден түшкөн каражатты ЖЭБдин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери кымырып алышкан.

Бул коррупциялык схемадан бюджетке ири көлөмдө зыян келтирилген. УКМК териштирүү ишин улантууда.