Жумгал районунун Лама айылынын тургуну Кубанычбек Үсөналиевге үй салып берүү боюнча иштер жүрүп баштады. Учурда айыл өкмөтү жер маселесин чечип бергени турат, деп билдирди райондук мамлекеттик администрациясынан.

Эске салсак, буга чейин Кубанычбек Үсөналиев тууралуу социалдык тармакта маалымат тараган.  Учурда ал 47 жашта, анын 4 баласы бар (бири кыз). Келинчеги менен 5 жыл мурун ажырашкан. Азыр айылдагы эски сарайдын бир бурчунда күн кечирип келет. Анын жанында жайгашкан 2 бөлмөлүү эски үйдө мүмкүнчүлүгү чектелген апасы менен карындашы жашайт. Ал эми 3 уулу райондун борборунда жайгашкан «Нур-Булак» балдар үйүндө.