Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган жигит куткарылды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10.00 чамасында милицияга белгисиз жаран «Ак-Ордо» жаңы конушунда арыкка секирип, чыга албай жатат деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, 27 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өз жанын кыюуну каалагандыгын аныкташкан. Жыгылуунун натыйжасында ал бир нече жаракаттарды алган. Ал ооруканага жаткырылды.

УПСМ