Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Россиянын өз ара мамилелери жана байланыштары жөнүндө «Союздук байланыштар» аттуу макаласы жарыяланды

Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Союздук байланыштар” деген аталыштагы “Кыргызстан менен Россиянын байланыштары тууралуу»  макаласы жарыяланды.

Мамлекет башчысы макаласында Кыргызстан менен Россиянын элдерин бириктирип турган байланыштар, орус тилинин орду, эки өлкөнүн биргелешип кызматташуусунун келечеги жөнүндө ой бөлүштү.

Төмөндө макаланын тексти:

Эркин котормо

«Кыргызстан менен Россия элдеринин кылымдардан берки маданий жана тарыхый байланыштарында жалпылыктар көп.

19-кылымда кыргыздардын Россияга кошулуусу бир эл болуп биригүүгө өбөлгө болуп, анын андан ары өнүгүшүнүн багытын түптөгөн.

Улуу Октябрь революциясы дээрлик жоголуп бараткан кыргыз жазмасын жаңыдан түзүүгө чоң түрткү берди. Академиктер К.Юдахин, К.Скрябин, М.Лущихин жана башкалар сыяктуу орус окумуштууларынын бүтүндөй бир тобу илим жана билимдин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошушкан. Бул жаңы маданий жана тарыхый бир топтун — кыргыз интеллигенциясынын пайда болушун шарттады. Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздору, искусство жана маданият ишмерлеринин баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү. Россиянын жардамы менен бир тууган союздук республикалардын алкагында улуттук мамлекеттүүлүктүн негиздери бышып жетилди.

Көп жылдар бою Кыргызстан Россия менен эриш-аркак өнүктү. Бул урагыс байланыштардын бир жагынан байыркы, бир жагынан жаш мамлекеттүүлүгүбүздүн материалдык жана руханий пайдубалынын түптөлүшүндө тарыхый жактан ээлеген орду чоң.

Орус тили — заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы. Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Ошол эле учурда мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүндө бир топ жылыштар байкалды — жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылууда. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек.

Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен Президент жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги катары, бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам.

Ошону менен бирге чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилегим келет. Азыркы жаштар эки же андан ашык чет тилде сүйлөп, коомдо жакшы тенденция түзүлдү. Англис тили дагы эл аралык баарлашуунун тили болгондуктан, мен жаш муундун өкүлдөрүн чет тилдерди тереңдетип окууга чакырам.

2020-жыл Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт.

Тилекке каршы, биздин биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашкан жок. Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Россиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Россиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү.

Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Россиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем.

Кыргызстан үчүн Россиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин баса белгилегим келет. Тыгыз кызматташуу кызыкчылыгы негизинен биздин улуттук кызыкчылыктарга багытталат. Алар, маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, өлкөдөгү руханий жана гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен байланыштуу.

Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес. Россия менен болгон алакаларды союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жеткирүү багыты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет. Кызматташтыкты чыңдоонун башка бир жолу жок экендигине ишенебиз жана республиканын тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлейт.

Россия өзүнүн кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен мамлекеттик чек арасын бойлото тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөөдө.

Алдыда боло турган иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем».