2021-жылдын 17-февраль күнү  Султанов А.К. атындагы Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу мекеме уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнүн” өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагындагы айыл башчылардын коштоосунда ар бир үйгө киришип, калктын жашоо шарты менен жакындан таанышып чыгышты. Ошол эле учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү аныктап, жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына материалдык жардамдар көрсөтүлдү.

Адатка айланган ар шаршемби күнү өткөрүлүүчү “Укук бузуулардын алдын алуу күнүн” өткөрүү учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке барууда кийим-кече жана башка нерселерге муктаж экендиктери байкалгандыктан Кара-Суу РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери бул көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун издешип, коомчулук менен тыгыз иштешип жардам берүүгө даяр ишкерлерди табышкан жана аларга  даректүү жардамдарды көрсөтө башташкан. Милиция кызмткерлеринин мындай камкордугу коомчулук тарабынан жактырылып жардамга муктаж болгон балдарга кайрымдуулук колун сунгандардын саны арбып барууда.

Бул күнү үй-бүлөлүк шарттары оор болгон 25 үй-бүлөгө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. 12 кыз балага 8 эркек балага мектеп  формаларды, китеп салуучу сумкалар, андан сырткары үйлөрүнө 100 кг ун, 30 литр суу  май, 20 кг күрүч, 25 кг макарон, 25 кг картошка, 25 кг сабиз, 20 даана май, 20 даана каймак, 20 кг кумшекер, 20 кг коюлтулган сүт  турмуш шартары оор болгон үй-бүлөлөргө тапшырылды. Ошондой эле көйгөйлүү маселелер боюнча кайрылуулар жеринде иш алып барып жатышкан көчмө кабылдама аркылуу каттоого алынып тийиштүү кызматтарга жөнөтүлдү.

Ошону менен бирге эле Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл аймактарында Султанов А.К. атындагы Кара-Суу РИИБдин МУУнун кызматкерлери тарабынан эл алдында отчет берилип укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндамалар берилди.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызмы