Учурда УКМКнын астында Райымбек Матраимовду колдогон митинг өтүүдө. Кабарчыбыздын айтымында, Матраимовдун 100гө жакын тарапташтары чогулган. Алар колдоруна “Матраимовду бошоткула ”, “386 млн $ уурдаган Сапар Исаковду ким качырды ”,  “Матраимовдой акча ким төлөдү” деген жазуулары бар плакаттарды  кармап турушат.

Митингчилер анын эл үчүн канчалык жакшылык кылганын айтып жатышат.

Эске салсак, УКМКнын алдында Райымбек Матраимов кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылууда. Ал 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө шектүүнү камакка алуу боюнча өтүнүч келтирет.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин кароону аяктады. Судья Гүлзат Дыйканбаева аны коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул салып, айыпталуучунун мүлкүн камакка алууну жокко чыгарган.