Каза болгон жолдошум түшүмө кирет. Кабагы салыңкы бир нерсеге нааразы болгондой…
Отуруп алып ой деңизинде сүзөм. Тереңине сүңгүп кирем. Эртеңки күндү элестетип, баламдын аталап ыйлаганы жүрөк эзет. Азыркы балдар атасына жакынбы кандай түшүнбөйм. Түнү уктап жатып чоочуп ойгонот. Атасын түшүндө көрөт окшойт. Кээде менин да түшүмө кирет жолдошум. Кабагы салыңкы бир нерсеге нааразы болгондой. Бул күнгө кандай туш болдум баарын баштан айтып берейин.
Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп баш коштук. Анын бир эжеси бир карындашы бар. Өзү жалгыз бала. Турмуш куруп жаңы келин болуп барганда кайын эжем анча жактыра бербей мамиле кылганын байкагам. Бирок маани берген эмес элем. Арадан убак өтө берди, кайын энем жакшы адам. Экөөбүз калганда көп нерселерди айтып берет. Анан кыздары келгенде кадимкидей өзгөрүп калат. Айрыкча кайын эжем кылган ишимден кынтык таап, жээрип, жиркип апаң үйрөткөн эмес беле деп кагып силкип калат. Унчукпай жеңет элем баарын. Кийин билсем кайын эжем өкүл апасынын кызын жолдошума алып бермек экен. Анын оюу ишке ашпай калуусуна мени күнөөлөп, сенин көзүңдү курутам дей берчү. Апама, (кайынэнеме) ар кайсы сөздөрдү айтып болгон күчү менен жаман көрсөттү. Апам мурдакыдай болбой күн өткөн сайын тирешип, каарын көрсөтүп баштады. Жолдошума эч нерсе айтпайм. Чыдасам өтүп кетет деп жүрдүм. Бирок мен чыдаган сайын абал оорлошуп, кайын эжем такыр койбой койду. Балам кесерово менен төрөлдү. Кыйналдым. Оор көтөрө албайм. Ошентип балам басып калганда үйдө чоң уруш чыкты. Акыры агынан жарылышты. Жолдошум ортодо аябай кыйналды. Мага сен апаңдардын үйүнө барып тур, мен артыңдан барам, бөлүнүп жашайбыз деди. Макул деп баламды алып баса бердим. Балам атасын аябай жакшы көрөт. Ата деп ыйлайт. Атабыз бат-баттан келип кабар алып турду.
Кайын эжем өз айтканын аткаруу үчүн көзү ачыкка, молдого барып жүрүп, инисин окутуп өзү эңсеген кызга үйлөнттү. Аны укканда күйбөгөн жерим күл болуп, аалам тарып, эстен танып өзүмө араң келдим. Чынында жакшы көргөн адамың эч бир каттуу айтпай башкага баш кошкону сени тирүүлө көмгөн менен барабар экен.
Ызамды ичиме жутуп жүргөндө дагы бир кабар келди. Жолдошум авариядан каза болуптур. Ыйлаган бойдон кала бердим. Акыры инисинин түбүнө жеткен экен дедим.
Адамдарга айла жок, эмне кылат бирөөнүн турмушуна мурдун тыгып. Ара жолдо менин бактымды талкалап, балам атасыз калды. Балким, алар жайыбызга койсо жашоо башкача болот беле, ушунча көз жаш, ушунча азап тартпайт белек. Пендебиз да кантсе да…
Автор Жазгүл Баяналиева