КР айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россия Федерациясынын Бириккен дан компаниясынын (ОЗК) директорунун биринчи орун басары О. Солдатенков жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буудай, ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.

Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү бир катар ишканалар менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.

«Кылкандуу дан эгиндеринин үрөнүн жакшыртуу биздин эң артыкчылыктуу багыттардын бири. 2021-жылда күздүк себүүгө буудайдын эң алдыңкы сортторун Россиядан же Казакстандан алып келүүнү долбоорлоп жатабыз. Кыргызстанда фермерлердин басымдуу бөлүгү мал багуу менен алектенишет. Малдын тоютуна жүгөрүнүн сапаттуу урөнүн алууга дагы дыйкандарыбыз кызыкдар. Биз жүгөрүнүн сапаттуу үрөнүн сатып келүү боюнча дагы долбоорлорду даярдап жатабыз”, — деди министр Жаныбеков.

Мындан сырткары, министр Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрүнө кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирди.