Бүгүн, 19-февралда Лейлек районунун Кайрагач аймагындагы чек арада абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн Кайрагач аймагындагы тактала элек чек ара тилкесинде кыргызстандык жаран Кулунду – Кайрагач жолунун боюнда, шарттуу чек ара тилкесине жакын аймакта май куюучу жайдын курулушун баштаган. Тажик тарап бул аймакта курулуштун салынышына нааразычылык билдирген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Курулуш токтотулду. Трассага 2 тараптан 50дөн адам топтолгон. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда чек арадагы абал туруктуу.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 19-февралда жергиликтүү тургундар Лейлек районунун Кайрагач аймагында кыргыз жана тажик жарандары топтолушканын билдиришкен.

Маалыматка караганда, жолдун боюна кыргыз жараны курулуш иштерин баштаганда тажик тарап ага каршы чыгып, курулуштун токтотулушун талап келишкен.

Булак: Турмуш кж