Ишембиде күндүз өлкө боюнча жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Таласта +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын өрөөнүндө +2…+7 градус болот.

Бишкекте жана Ошто жаан-чачын күтүлөт. Күндүн табы борбордо +5…+7, Ош шаарында +10…+12 градус болору кабарланды.