Өзүнө-өзү ишенүү, өзүн-өзү баалай билуу – ийгиликтин сыры!

– ЖЕНИШ ТОБОКЕЛЧИЛИКТИН АРТЫНДА: оюндан жеңишке жетишүү үчүн, ошол оюнду ойноп келиш керек. Алдыгы койгон максатка жетишүү үчүн тобокелчилик жардамга келет. Муну менен сен коркпостон, өзүнө ишенүүнү үйрөнөсүң.

– ЭЧ КИМГЕ АКТАНБА: эч качан актанба. Туура эмес кылган нерсенди ката экенин биринчи өзүң моюнуна ал, анан башкаларга жөн эле түшүндүрүп кой. Кечке эле кайталай бербе.

– ӨЗҮҢДҮ МАКТАГАНГА КӨН: бааңды түшүрүп, «мен толуп кеттим», «боюм кыска» – деген өңдүү сөздөрдү кайталай бербүү керек. Бул сенин бааңды гана түшүрөт, андан көрө артыкчылыктарынды көбүрөөк айт. Бул мактанчылык эмес, өзүңдү баалай билгениң.

– ЖАНЫНДАГЫЛАРДЫН КОНУЛУН АЛ: мүмкүнчүлүгүнү жараша колдон келген жардамыңды элден аяаба!

– «КАН СОРГУЧТАРДАН» АРЫЛ: пайдасы жок достордон арыл. «Сен мени карабай калдың», «мага жардам бербейсиң», «эми сага жетиш кыйын да» – деген өңдүү сөздөрдү айткан дос, чыныгы дос эмес. Булар сенин нервиңди алып, негатив алып келет.

– ЖАЛКООЛУК МЕНЕН КҮРӨШ: жалкоолук – бул алсыздыктын белгиси, муну менен дайыма күрөш!

– ЖАШООГО БОЛГОН НААРАЗЫЧЫЛЫКТАРДЫ АЗАЙТ: кейип-кепчип асан кайгы болсоң бул сапаттан арыл, оптимист бол!

– ЖАҢЫЛЫП КАЛУУ КОРКУНУЧТУУ ЭМЕС: жаңылбаган адам болбойт! Жаңылып калсан андан сабак ал да, экинчи кайталабаганга үйрөн!

– ЖЫЛМАЮУ ЭН КУЧТУУ КУРАЛ – сага канча ор казып, жаман айтып, көңүлүңдү түшүргөн адамга анын деңгээлине түшпүй – жүн гана ЖЫЛМАЙЫП кой!