– Сонунбүбү эже, Раимбек Матраимовду экономикалык амнистия жарыяланганда 2 миллиард сом  төктүрүштү эле. Бу сапар камакка алып коюшту го?

– Райымбек Матраимов элге белгилүү болуп калган байлардын бири. Али болушунча терс реклама кылып, Кыргызстандагы бюджетти ушул эле мырза курутуп жаткандай сүрөт тартып койду. Менин байкашымда базардагы соодагердин баары бирден Кытайга жана башка жактарга каттап турса ыңгайсыздык жаралмак.

Ошондуктан Райымбек Матраимовдун пайда болушу мыйзам ченемдүү эле нерсе. Ал болбосо ордуна башка бирөө деле ошол ишти кылмак. Эл бул жагы менен иши жок эле асылып туруп алды. Эгер чындап текшерип келсе, Матраимовдон шылуун, эч кандай иш кылбай басып жүрүп миллиондорду тапкандар бар.

– Кыргызстанда Райымбек Матраимовчолук бай адам жокпу?

– Менин оюмча эл Райымбек камалса эле казына толуп майкөл, сүткөл жашап калчудай ызылдап жатканынан улам ушул иш болгон чыгаар деп ойлоп турам. Себеби, Матраимовдо мырзалык да касиет бар экенин байкоого болот. Жеке пикиримде башка миллиардерлерди кармаш үчүн Райымбек Матраимовду камашты окшойт.

Булак: NazarNews.kg